Ыйык азап чегүүчүлөр Серафимди жана Феогностту эскерүү менен Кыргызстандын зыяратчылары алар күрөшкөн жана азап чегип каза болгон жерге барып зыярат кылышты

  01 сентября 2022   На русском
Память преподобномучеников Серафима и Феогноста паломники из Кыргызстана почтили на месте их подвигов и страдальческой кончины

9-10-11-августта Кыргызстандын зыяратчылар тобу ыйык азап чегүүчүлөр Серафимдин жана Феогнос Алматылыктын азаптуу күрөшүн эскерүүнүн урматына, ошондой эле Алматы жана Алматыга жакын храмдарга баруу үчүн коңшу Казакстан Республикасына ар жылдык зыяратчылык сапарга барышты.

Шаарга кире бериште зыяратчылар куполу күн нуруна жаркыраган Христтин Туулгандыгынын урматына тургузулган Куткаруучу Христтин ыйык храмына зыярат кылышты. Храм башчысы протоиерей Александр Гайченя топту тосуп алып, храмда экскурсия өткөрдү. Храмдын аймагында эки придел бар: төмөнкүсү Ыйык Троица урматына, үстүнкүсү - Христтин туулган күнүнүн урматына, часовня, ошондой эле Равноапостольной Нина храмы бар. Экскурсиянын жүрүшүндө зыяратчылар Казакстандын ыйыктары жөнүндө, ыйык азап чегүүчүлөр Серафим менен Феогносттун ыйык жашоосу жөнүндө кызыктуу окуяларды угушту.

Андан кийин Вознесенк соборуна – Астана жана Алматы епархиясынын эки кафедралык соборунун бирине жана Никольск соборуна барышты. Укмуштуудай архитектура жана байыркы храмдардын тарыхын сактоо, көп сандагы ыйык жерлер биринчи жолу келген адамдарга жакшы таасир калтырды. Космос айылындагы «Живоносный» ыйык булагына барышты жана «Живоносный источник» Ыйык Богородица храмынын алдындагы ыйык табып Пантелеимонго арналган часовняда түнөштү.

Экинчи күн абдан кызыктуу өттү. Зыяратчылар Косозен айылына «Неупиваемая Чаша» Богородица иконасынын урматына тургузулган храмга барышты. Иеромонах Мелитондун күмбөзүндө сыйынышты. Андан кийин Жараткан Христти даңктоо урматына тургузулган храмга барышты. Храмдарга экскурсияны храмдын настоятели Роман өткөрдү. Зыяратчылар «Всецарица» Ыйык Богородица керемет иконкасына сыйынышты, руханий жактан бекемделишти.

Кийинки күнү София соборунда зыяратчылар зыярат кылышты жана Иверск-Серафимов аялдар монастырында түнөө үчүн токтошту.

Сыйынуу литургиясы ыйык Серафим жана Феогностун сөөктөрү көмүлгөн жерде өттү. Кудайга сыйынуу аяктаганда ыйык азап чегүүчүлөр даңазаланды​.

Сыйынуу аягында Талдыкорган епискобу Клавдиан чогулган зыяратчыларга христиандык азап чегүүчүлүктүн мааниси тууралуу насаат айтып, Аксай чөлүнө зыярат кылуу салтын калтырбоого, бул жакшы ишке бардык жаңы православ адамдарды көбүрөөк тартууга чакырды.

Улуу урматтуу зыяратчылардын көңүлүн жылына бир жолу зыяратчылык кылуунун жана скитке чыгуу менен кыйынчылыктарды жан дүйнө үчүн жагымдуу жеңүүнүн маанисине бурду.

Зыяратчылар тобу Христ үчүн азап чеккендердин сөөгү коюлган жерге таазим кылышты, чарбалык курулмаларды, аймактарды жана жерлерди карап чыгышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.