Епископ Савватий Казакстандын борборунда «Тынчтык жана ынтымак» паркын түптөөгө катышты (+ВИДЕО MIR24)

  20 сентября 2022   На русском
Епископ Савватий принял участие в закладке в столице Казахстана парка «Мир и Согласие» (+ВИДЕО MIR24)

2022-жылдын 15-сентябры. Казакстандын борборунда епископ Савватий VII Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин катышуучуларынын катарында жаңы «Тынчтык жана ынтымак» паркын түптөөгө катышты.

Делегаттар символикалуу «Жашоо дарагын» жана Съездин катышуучуларынын делегациясынын саны боюнча 60тан ашык жалбырактуу жана ийне жалбырактуу бактарды отургузушту. Жаңы эс алуу орду Есиль дарыясынын жээгин бойлой жайгашкан.

«Күн тартибиндеги айрым маселелер боюнча өз көз караштары бар дүйнөлүк диндердин лидерлерин бир тегерек столго отургузуу өтө кыйын. Бирок Казакстанда бардык дин лидерлери отуруп, чогуу маселелерди талкуулашат, бири-бирин угат, эң башкысы алар бири-бирин угат. Бул Казакстанда түзүлүп жаткан атмосфера мындай Съезди өткөрүүгө абдан жагымдуу таасир этүүдө», - деди Россия мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин.

«Баарыбыз адам өмүрүн сактап калуу, элди сактап калуу үчүн кам көрүшүбүз керек. Эгерде адам даракка кам көрсө, анда ал адамга дагы кам көрөт. Мен өзүм Кыргызстандан болом, ал жакта Тянь-Шань тоолору бар, бул тоо бир нече республикага созулуп жатат, кандайдыр бир бириктирип турат, ошондуктан бизди дагы жакшы иштер бириктириши керек», – деп белгиледи Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий.

«МИР 24» корреспонденти Гульмира Жанзакованын видеорепортажы.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.