Бишкек жана Кыргызстан епискобу САВВАТИЙдин түштүк чек арада болгон окуяга байланыштуу кайрылуусу

  21 сентября 2022   На русском
Обращение епископа Бишкекского и Кыргызстанского САВВАТИЯ
в связи с происшествиями на южной границе

 

Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар, урматтуу Кыргызстандын жашоочулары!

Республикабыздын түштүгүндөгү куралдуу кагылыш тууралуу кабарды биз терең кайгыруу, тынчсыздануу жана кооптонуу менен кабыл алдык. Көптөгөн адамдардын чексиз азап тартуусуна кайдыгер кароо мүмкүн эмес.

Баткендик балдардын кайгысын көргөн кичинекей балдар эрте эр жетип, балалык кыялдарынан баш тартып, чогулткан тыйынын жабырлануучуларга беришти.

Чыр-чатактын кайсы тарабында чындык экенин билүүнүн жолу бар – балдар кайсы жерде көбүрөөк жабыркаса, чындык ошол тарапта.

Чачын ак бубак баскан карыялар жана бардык динге ишенгендер Кудайдын храмдарында жана мечиттерде, үйдөгү сыйынууларында, тынчтыктын тезирээк калыбына келишин, жабыркагандардын сакайып кетишин, аза күткөндөрдүн кайрат кылуусун, маркумдардын жаткан жери жайлуу болушун, балдардын көз жашы кургап, азыр тынчтыкты жана коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн күч жумшап жаткандар тууралуу сыйынышты.

Көпчүлүк адамдар гуманитардык жардам пункттарында жана качкындар убактылуу жайгашкан жерлерде ыктыярчы болууну суранышууда.

Жаштар аскер формасын кийип, Ата Мекенди коргоо мүмкүнчүлүгүн издеп жатышат. Бул туура, анткени анын жарандары үчүн жердеги ата мекен Асмандагы Ата Мекендин элеси жана сыноо учурунда өлкөнүн жетекчилиги менен бириккен ар бир адам караңгылык күчтөрү менен күрөшүп жаткан жарыктын жоокерлерине окшоштурулат.

Бирок согуштук чыр-чатактын оор мезгилинде да акыл-эсти жоготуп койбош керек. Муну элибиздин ыйык китептери жана улуу “Манас” эпосунун трагедиялуу окуяларынын логикасы үйрөтөт!

Күрөш үчүн сыйлык катары Жеңишке жетүү бизге аздык кылат. Жеңиштин мааниси катары бизге узак мөөнөттүү Тынчтык керек.

Борбор Азиянын боордош республикаларынын аймагында созулуп жаткан асман тиреген Тянь-Шандын тоо кыркаларында эн бийик чоку - Жеңиш чокусу. Бул чоку биздин элдерибиздин ортосундагы достук мамилелердеги эң жогорку жетишкендик катары – Улуу Ата Мекендик согуштагы биргелешкен Жеңиши! Биздин жалпы душманыбыз – национал-фашизм болгон.

Азыр да биздин жалпы душманыбыз бар, бул тажик эмес, ал эми тажик үчүн кыргыз эмес. Биздин душманыбыз коңшу боордош өлкөлөрдүн ортосундагы чек ара жөнүндөгү тынчтык келишимин артка жылдырган жамандык. Бул келишим көптөн күткөн тынчтыкты алып келет, ал эми бейпил эмгек үйлөргө бакубатчылыкты, балдардын күлкүсүн, ак чач ата-энелерибиздин тынчтыгын алып келет.

Улуу эпосто Манастын аялы тажик кызы Каныкей уулу Семетейди сактап калуу үчүн Тажикстандын борборуна качкан. Ал ошол жерде чоңоюп, анан кыргыз элинин эркиндиги, биримдиги, теңдиги, намысы үчүн күрөшкөн. Азыр он миңдеген кыргыз балдар Тажикстандан качып жатканына эмне себеп болду?

Биздин душманыбыз – бул кошуна эмес, жамандык, аны чыр-чатактын тараптары бардык кайраттуулук жана чечкиндүүлүк менен токтотушу керек. Жамандык жана кылмыштуу жүйөлөрдүн улуту жана дини жок.

Бардык элдердин жана өзгөчө Борбор Азия элдеринин өкүлдөрү – биздин бир тууганыбыз. Үй-бүлөдө уруш-талаш болгон сыяктуу эле, боордош элдердин үй-бүлөсүндө да ошондой келишпестиктер болуп келген. Бирок кыйынчылыктар кылымдар бою бизди бөлүп-жарган эмес, азыр дагы алар бөлүп-жарып, кастыкка алып барбашы керек. Кыйынчылыктар жашоого эң асыл сезимдерди жаратышы керек. Кыйын кырдаалда акылдуу сөздөр, эмоционалдык билдирүүлөр эмес, акылмандык бааланат. Булар биздин кошуналар, биз алар менен жашашыбыз керек! Бизге жеңиштен кийинки кыска мөөнөттүү той эмес, чексиз жеңиш сыяктуу узак мөөнөттүү тынчтык керек.

Кайра-кайра кайталануучу кыйынчылыктар да бизди ээрден оодарбай, баатыр үчүн көнүгүү сыяктуу бизге акыл, күч жана бекемдик кошуп бериши керек.

Мейли кимдир бирөө чоң жамандык менен мактанса дагы, бизге жакшылык жеңиши керек.

Биз үчүн күрөштүн жемиши катары жеңишке жетүү эмес, бизге жеңиштин чыныгы жемиши катары тынчтык керек.

Ушул эле айтылган сөздөр менен мен Тажикстан элине дагы кайрылгым келет.

Кудайдын неберелери жок, баарыбыз Кудайдын балдарыбыз, биз жалгыз Кудайдын балдары катары чек арасы бар жерде жашайбыз. Анан баарыбыз чексиз асманда, бир Падышачылыкта жолугабыз. Тынчтык болбосо кантип жашайбыз, Жараткандын алдында кантип барабыз?

Биз баарыбыз «дүйнөнүн бирлигинде рухтун биримдигинде» (Еф. 4:3) болушубуз керек, бизге бул жерди, демди жана өмүрдү берген жана ишенимдүү адамдар үчүн Падышалыкты даярдаган Анын абийирине жана Осуяттарына ишенимдүү болушубуз керек, жердеги чыр-чатактарды калтырып, ага жетүүгө умтулушубуз керек, мен баарына сыйынуу менен, чын дилден ушуну каалайм.

Бардык жабыркагандарга, ошондой эле чыр-чатак учурунда курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам.

Жабырлануучуларга жардам берүүгө аракет кылып жаткан, Ата Мекенди коргоо жана чыр-чатакты басуу боюнча өз милдетин аткарып жаткандардын баарына Кудайдын ыраазычылыгын тилейм.

 

Терең урматтоо менен,

Епископ Савватий




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.