Бишкектин чет жагында байыркы заманда христиандардын Тарсакент шаары болгон. Кара-Жыгач айылынын орто мектебинин музейинде бул тууралуу тастыктаган артефакттар сакталып калган.

  01 октября 2022   На русском
В пригороде г. Бишкек  в древности был город христиан Тарсакент. В музее средней школы с. Кара-Жыгач сохранились свидетельствующие об этом артефакты.

2022-жылдын 30-сентябрында епископ Савватий археологдордун айтымында, азыркы Бишкектин аймагында жайгашкан бир кездеги христиандардын чоң конушунда болду. Чүй өрөөнүнүн Кара-Жыгач айылынын четинде несториандык эпитафиялар (24 эстелик) изилденген. Бул жерде XIII-XIV кылымдарда Тарсакент шаары жайгашкан, перс тилинен сөзмө-сөз которгондо «Тарса» - христианин жана согди тилиндеги «кент» - шаар дегенди билдирет.

Владыка башында турган епархия тобу Каратала Табалдинов атындагы Кара-Жыгач орто мектебине барышты, мында класс кабинеттердин биринде мектептин край таануу музейи жайгашкан.

Тарых мугалими Н. Д. Мукамбетованын айтуусунда, Тарсакенттин тарыхы менен байланыштуу айрым артефакттар мектеп окуучулары тарабынан казуу иштери убагында табылган. Нурия Джумагуловна мектептин край таануу музейи 1967-жылы ачылганын айтып берди. Кийинчерээк археологиялык бөлүм ачылган. «Жаш археолог» кружогунун мүчөлөрү археологиялык изилдөөлөр менен алектенишкен. Мектеп окуучуларынын ишин тарых мугалими М. Х. Коломиец жетектеген. Кружоктун мүчөлөрү Тарсакент шаары жайгашкан жерди казуу иштерин жүргүзүшкөн. Дал ушул кружоктун аркасында музейдин фонду байытылган.

Маалымдама:  Тарсакент шаары болжол менен азыркы Кара-Жыгач айылынын батыш тарабында жайгашкан. Шаарды изилдөө тарыхы XIX кылымдын 80-жылдары башталган. Ошол учурда шаардын урандылары эч кандай көрүнбөй калган, анткени энтузиаст-археолог Николай Пантусов күмбөздөрдүн белгилерин таап, бул жерди шаарча эмес, Пишкек көрүстөнү деп атаган. Эпитафияларды чечмелөөнүн аркасында көмүлгөн несториан христиандары, эреже болгондой, түрк аталыштарын алып жүргөнү белгилүү болгон. Алты жүзгө жакын таш чогултулган. Алардын көбү изилдөө үчүн чыгарылып кеткен, айрымдарында «кара тумоодон каза болду» деген жазууну окушкан.

Ошондон бери Чагатай улусунда башталып, Европага чейин жетип, Париж калкынын үчтөн бир бөлүгүн жок кылган коркунучтуу эпидемия бул шаардын жок болушуна себеп болушу мүмкүн деген версия пайда болгон. Христиан символикалары бар таштар ар кайсы музейлерге тараган, азыр бул жерде эч нерсе байыркы шаарды эске салбайт.

Эл арасында сырдуу тарс уруусунун аты сакталып калган. Орто кылымдагы Европа да Орто Азияда христиан жамааты бар экенин билген, бир кезде крест жортуулдары “Жараткандын табытын” мусулмандардан кайтарып алуу үчүн Тянь-Шандагы бир динди туткандар менен биригүүнү ниет кылган. Тарсакенттин тарыхы несториандар жөнүндө айтпаса, толук болбой калат, анткени алар Тарсакент шаарынын калкы болгон. 428-431-жылдары Константинополь патриархы Несторий деген киши болгон. Ал өзүнүн диний ишенимин жараткан, ал анын ысымынан – несторианчылык деп аталган. Несторианчылык Эфес соборунда ересь катары сынга алынган. Несторий өзү Египетке сүргүнгө айдалган, ошол жерде 457-жылы каза болгон. Анын жолун жолдогондордун көпчүлүгү Жакынкы Чыгышка, Орто Азияга жана Индияга качышкан. Алар отурукташкан жерлерде өздөрүнүн динин жайылтып, конуштарды түптөп, анда византиялыктардын маданиятынын жетишкендиктерин пайдаланышкан.

Он төртүнчү кылымдын башындагы Рашид ад-Диндин жылнаама жыйнагында «Чу аймагында Тарсакент жана Кара-Ярлык деген эки чоң айыл бар» деп айтылат. Тарсакент Аламүдүн капчыгайынын кире беришинде жайгашкан, ал жерде негизинен монгол заманына таандык несторин кресттери түшүрүлгөн мүрзө кайрактары табылган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.