Сүйүү болсо – чыныгы кубаныч болот. Сүйүү апостолу күнүндөгү Сыйынуу литургиясы

  09 октября 2022   На русском
Имея любовь – имеем истинную радость. Божественная литургия в день апостола любви

 

2022-жылдын 9-октябрында, Православ Чиркөөсү сүйүү апостолу деп аталган, апостол Иоанн Богословду эскерүү күнүн белгилейт.

Рождество Пресвятой Богородицы храмындагы сыйынуу литургиясын епископ Савватий аткарды. Сыйынууну аяктагандан кийин, владыка чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда апостол жана евангелист Иоанн Богослов христиандарга сунуштаган жол тууралуу айтты. Бул жол тынымсыз сүйүүдө – Кудайга, жакынына, Мекенине болгон сүйүүдө турат.

«Православ христианини, – деп белгиледи владыка, – сүйүү адамы болушу керек». Византия империясы православиенин тазалыгына чыккынчылык кылып, униатизмге өтүп кеткенде, гректер бөтөнчө сапаты менен өзгөчөлөнө баштаган. Гректер - сүйүүсү жок жандар деп атаган тарыхчылардын бири.

Күнөөкөр адам, ишенимден баш тарткандар, тентип жүргөндөр, соргоктор, акчаны сүйгөндөр – мына ушулар чыныгы сүйүүгө ээ болбогондор. Алардын өзүнө болгон сүйүүсү бар. Ал эми ашкере өзүмчүлдүк мындай адамга бул дүйнөнүн идеологиясын буйруйт: Баары сага ылайыкташсын дешет. Ал эми бул сапаттарга ээ болгон адам абдан бактысыз, ошондуктан ал ар дайым күнөөгө тойбойт. Андай адамда кубаныч болбойт, анткени кубаныч – бул сүйүүнүн жемиши. Сүйүү – бул ишеним, сабырдуулук, момундук, бир туугандык сүйүү, кайрымдуулук. Сүйүү – бул курмандык, бул мени сүйгөндө эмес, мен сүйгөндөгү нерсе.

Насыят-үгүттүн видеосу:




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.