«Болмушту жараткан Кудай болмуштан тышкары турат». Ыйык-Воскресенск кафедралык соборундагы архиерейлик сыйынуу

  16 октября 2022   На русском
«Бог сотворивший бытие, находится вне бытия». Архиерейское богослужение в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2022-жылдын 16-октябрында епископ Савватий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Сыйынуу литургиясын аткарды.

Сыйынууну аяктагандан кийин, владыка чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда элеси эскерилип жаткан Афина епискобу, ыйык азап чегүүчү Дионисия Ареопагиттин өмүр баяны тууралуу айтып берди.

Ыйык Дионисий Афина шаарында жашаган. Ошол жерде тарбияланып, классикалык эллин билимин алган. Андан кийин Египетке жөнөгөн, ал жакта Илиополь шаарында астрономияны изилдеген. Ал Иисус Христти Крестке керип каккан учурда күндүн тутулуусуна күбө болгон. «Бул Кудай, бүтүндөй ааламды жаратуучу, кайгырып жатат же бул дүйнөнүн күнү бүтүп баратат», - деп айткан Дионисий.

Ыйык апостол Павел афиналык ареопагда үгүт-насаат айтканда Дионисий бул куткаруучу жакшы жаңылыкты кабыл алып, христианин болуп калган. Үч жыл ичинде Дионисий Кудай Сөзүн үгүттөөдө ыйык Павелдин жолун жолдоочу болгон. Натыйжада апостол Павел аны Афина шаарынын епискобу кылып дайындаган.

Ыйык Дионисий Ареопагиттин эмгектери Православ чиркөөсү үчүн чоң мааниге ээ. Алардын ичинен төрт китеби биздин заманга чейин жеткен: «Асман иерархиясы жөнүндө», «Чиркөө иерархиясы жөнүндө», «Кудайдын ысымдары жөнүндө», «Мистикалык дин таануу жөнүндө», ошондой эле ар кандай адамдарга он кайрылуу.

«Кудайдын ысымдары жөнүндө» эмгегине кайрылуу менен, владыка Кудай бизге өзүнүн ысымдарынын бири – «Чындык» ысымы менен ачылганын белгиледи. Бирок Кудайды жөнөкөй, адамдык категориялар менен түшүнүүгө болбойт. Болмушту жараткан Кудай болмуштан тышкары турат.

Үгүт-насааттын видеосу:




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.