Улуу урматтуу Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий – тагдыры бөтөнчө адам. Кудайга кызмат кылууга ал эрге жетип калган кезде келген, ал эми буга чейин Россия менен Кыргызстан бир мамлекет болгон кезде, Мекенге офицер катары кызмат кылган. Жаңы епископ республикага жакында эле келген, ал көпчүлүк православ приходдоруна барып, динге ишенгендер менен жолугушууга үлгүрдү. Епископ Савватий "РГ" Борбор Азия өкүлчүлүгүндө мейманда болду, Кыргызстан тууралуу пикирин бөлүшүп, КРдагы Орус плавослав чиркөөсүнүн айрым долбоорлору жөнүндө айтып берди.
- Улуу урматтуу, эмне үчүн аскердик карьераңызды таштап, өзүңүздү руханий жашоого арнадыңыз?
Епископ Савватий: Аскердик кызмат жана чиркөө кызматы сыртынан караганда бири-биринен алыс көрүнөт. Аскерде кызмат өтөөнү чечкен ар бир жигиттин алдында: Мекен буйрук кылса, мен өлүүгө даярмынбы, өлгөндөн кийин эмне болот деген суроолор жаралат деп ойлойм. Бул суроого жооп иретинде мен Омск жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайга тапшырдым. Ал жакка тапшыруу оор эле. Сынак чоң – бир орунга он адам талаптанат.
Аскердик жана чиркөө кызматынын маңызы гана эмес, чыныгы философиясы да көрүстөндөгү плитадан башталат. Офицер менен дин кызматкери үчүн өлүм жашоо сыяктуу эле кадимки жагдай. Жараткан Евангелиеде мындай дейт: «Силерге чындыкты айтып коёюн, жерге түшкөн буудайдын даны өлбөсө, ал жалгыз калат; эгерде өлсө, көп түшүм берет» жана андан ары: «тарп бар жерде бүркүттөр чогулат.» Россияда үч кесип ыйык деп эсептелген: нан өстүрүү, Кудайга кызмат кылуу жана Мекенди коргоо.
Кызмат кылуу жана диний кызмат – ажырагыс түшүнүктөр. Чокундуруу дагы ант берген сыяктуу, бирок руханий, Кудайга ант берүү.
Мен аскерде кызмат өтөгөм, бирок ошол эле учурда кыдайга кызмат кылууга аракет кылгам. 1990-жылдардын башталышында мени Новосибирск облусуна райондук аскер комиссарынын орун басары кызматына которунду. 1994-жылы Омск облусунун Покров айылында талкаланган храмды калыбына келтирүүнү чечтим. Ошондо кеңеш сурап Омск жана Тара митрополити Феодосийге кеңеш сурап кайрылган. Владыканын ыраазычылыгы менен кызмат кыла баштадым. 1995-жылы мени ошол Тара шаарына, Омск облусуна которушту.
1995-жылдын 4-ноябрында мен үчүн өзгөчө дата болуп калды. Ушул күнү мен сан диаконго колумду коюп, ал эми 5-ноябрда – иерей болдум. Бир жылдан кийин капитан наамында аскердик кызматты таштадым, анткени Омск облусунун эң алыскы түндүк районуна благочиннийи жана ыйык Василий Блаженный байыркы храмы сакталып калган Вятка тайга айылында монастырь куруу милдети менен, Усть-Ишим айылындагы Ыйык-Никольск храмынын настоятели болуп дайындалдым. Мен архиерейден жана жалпы эле дин кызматчыдан алыс болчумун, ошондуктан жергиликтүү кемпирлер чиркөөнүн жашоосунда мага көп нерсени үйрөтүштү.
- Мындай тандооңузга жакындарыңыз кандай мамиле кылышты?
Епископ Савватий: Мындай кадам айланадагыларды таң калтырышы керек эле, бирок менин жакындарымды бул таң калтырган жок.
- Кыргызстанга дайындалганыңыз тууралуу жаңылыкты кандай кабыл алдыңыз?
Епископ Савватий: Бул мен үчүн күтүүсүз болду, бирок жан дүйнөмдө жылуулук жана кубаныч сезими жаралды. Россия менен Кыргызстан үч жолудан кем эмес бир мамлекеттин курамында болгон. Алтын Ордо доорунда, Россия империясында жана Советтер Союзунда.
Келген күн Кыргызстандын асмандагы колдоочусу, Ысык-Көлдүк ыйык Ираклийдин күнүн майрамдоого туш келип, РФ элчилигинде Россиянын күнүнө карата уюштурулган кабыл алуу менен дал келди. Алгачкы айларды епархиянын приходдорун кыдырууга арнадым. Кыргызстанда алардын саны элүүдөн ашат. Азыр биз социалдык кызмат жана чиркөө кайрымдуулугу бөлүмүнүн базасында Баткенде жабыркагандарга колдоо көрсөтүүгө басым жасап жатабыз.
Мен Айдаркен, Баткен жана Сүлүктү шаарларына бардым, Баткен облусунун жетекчилиги менен жолуктум, епархиянын социалдык кызмат жана чиркөө кайрымдуулугу бөлүмүнүн координаторунун иши менен тааныштым.
- Кыргызстан тууралуу алгач алган таасириңиз кандай болду?
Епископ Савватий: Кыргызстанга келгениме аз эле убакыт болду, бирок анын дүйнөдөгү ордун ойлоп, ушундай ойлор келди. Байыркы замандан бери Кыргызстандын тоолору – Тянь-Шань же Асман тоолору – цивилизациялардын кесилишкен жери болуп келген. Чыгышта тоо этегинде Асман империясынын дүйнөсү, батышта – түрк дүйнөсү, түндүктө – орус дүйнөсү орун алган. Тянь-Шань тоолорунда эң бийик чоку - бул дүйнөлөрдүн чыныгы өз ара аракетинин эң жогорку жетишкендиги катары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш чокусу болуп саналат. Тоолордо Путиндин чокусу дагы бар.
Бул чокулардын астында байыркы цивилизациялардын өкүлдөрү чогулган. Чокулары ар башка, бирок баары Асмандагы тоолордун бир катарында турат. Кыргызстанда тоо бермети – жүрөк сыяктуу Ысык-Көл бар. Республиканын өзү Борбор Азиянын борборунда, Улуу Евразиянын, Жибек жолунун, Чай жолунун жана «Бир алкак – бир жол» интеграциялык долбоорунун негизги багыттарынын кесилишинде жайгашкан.
Жаңы Кыргызстандын миссиясы – байыркы убактагы Жибек Жолу сыяктуу болуу, башкача айтканда, Улуу Евразия элдеринин өз ара аракеттенүү мейкиндиги, экономикалык, руханий-маданий байлыкка жетүүнүн кесилиши болуу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде айтты.
Айтмакчы, жакында эле XIII-XIV кылымдарда «Христиандардын шаары» деп которулган Тарсакент деген христиандардын чоң конушу болгон жерде болдум. Географиялык жактан бул Бишкекке жакын, Чүй өрөөнүнүн Кара-Жыгач айылынын четинде жайгашкан. VI кылымдан бери Түрк каганатынын борбору – Суяб шаары турган жерге дагы бардым. Ал азыркы Токмок шаарына жакын жайгашкан. Түрк каганатынын борборунун кремлинде 1954-жылы археологдор төрт христиан чиркөөсүн табышкан. Башкача айтканда, бул жерде, Тянь-Шанда, байыркы кылымдардан бери ар кандай динди туткан адамдар жашашкан. Ошондуктан Кыргызстан элдердин экономикалык, маданий жана руханий баюу кесилиши болушу керек деп ойлойм. Мен чиркөөгө келген адамдарга адам кайсы диний конфессияга же улутка таандык экенинен көз карандысыз, ата-энеге болгон сүйүү, улууларды урматтоо сыяктуу баалуулуктар бар экенин көп айтам.
- Орус православ чиркөөсү Мусулмандар дин башкармалыгы менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү пландаштырабы?
Епископ Савватий: Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы менен достук мамилени мага чейинкилер дагы орнотушкан. Алар Кыргызстан элинин жалпы жыргалчылыгында өнүгүшү үчүн бардык мүмкүн болгонду жасайм. Өлкөгө келгенге чейин Москвада КР Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле диаспоралардын лидерлери менен жолуктум. Бишкекке келгенде, тез эле муфтий Замир кары Ракиев менен жолуктум. Мен андан ашып кетиптирмин, анткени ал дагы мени менен жолугушууну көздөр жатыптыр.
Мен Куранды жана Жаңы Осуятты бир убакта окугам. Сүрөлөр менен аяттарды жатка билем деп айта албайм, бирок жалпы мааниси түшүнүктүү. Биз Кудай жалгыз экенине ишенебиз.
Муфтий экөөбүздүн максатыбыз бир – Кудайга жана Кыргызстан элине кызмат кылуу.
- Кийинки жылы епархия тарабынан кандай маданий жана гуманитардык долбоорлор пландаштырылган?
Епископ Савватий: Мен эч нерсени алдын ала жарнамалагым келбейт. Бирок биздин приходдорду диний майрамдар же иш-чаралар үчүн гана эмес, чоң жалпы үй катары адамдар чогула турган, ал жерде Кудай ата, биз баарыбыз бир тууган болгон жалпы элдик жайга айлантуу ниетим бар.
Любовь Борисенко.
Российская газета - Жаңы епископ Кыргызстандагы ОПЧ долбоорлору тууралуу айтып берди