Беловодск айылында кадеттердин жана казак орустардын ант берүү аземи өттү

  16 ноября 2022   На русском
В Беловодске состоялась присяга кадетов и казака

Бул күн кадеттер үчүн өзгөчө күн болду, алар бул күндү дээрлик бир жыл күтүштү. Бардык балдар табынышып, ыйык Христос сырларына кошулушту.

Литургия аяктагандан кийин станицанын атаманынын, аксакал казак орустардын, казак орус офицерлеринин жана храмга келген адамдардын катышуусунда ант берүү аземи башталды. Алгач бүтүндөй храм «Асман Падышасына» сыйынуу менен ырдашты.

Салтанаттуу түрдө ар бир кадет Евангелиеге жана Крестке келип, Кудайдын жана элдин алдында «Кадет» деген улуу наамга татыктуу болууга салтанаттуу убадасын айтышты.

Бирок кадеттерден тышкары, алардын улуу жолдошу да казак орус болуу менен, ант берди.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө храмдын настоятели төмөндөгүлөрдү белгиледи: «Кымбаттуу балдар, бүгүн силер чындап кадет болдуңар. Бирок мен үчүн силер өзгөчөсүңөр: айрымдарыңарды Кудайдын ырайымы менен мен чокундургам, кээ бирөөңөр менен храмды көрктөндүрүүдө чогуу иштешкенбиз».

Адамдын жашоосунда ал баарлашууну жана чогуу иштешүүнү каалабаган адамдар аны курчап жүрүшү мүмкүн, бирок, силердин алдыңарда туруу менен, мен ар бириңиздер менен чалгынга бармакмын деп ишенимдүүлүк менен айта алам, анткени эч кимиңер саткынчылык кылбай турганыңарды билем, бул жалпы эмгекте жана иште сыналган.

Бүгүн сиздер үчүн маанилүү күн, ант бергенден кийин эч нерсе өзгөрбөгөн сыяктуу: эки кол жана бут мурда кандай болсо, ошол бойдон калган. Бирок, көзгө көрүнбөгөн нерсе пайда болду - жоопкерчилик, казак орустарынын бир туугандыгы жана чиркөө үчүн жоопкерчилик, казак орустар – бул Православие рыцарлары.  Силердин жашооңорго, жоруктарыңарга, баарлашууңарга карап, эл бардык казак орустар жана Чиркөө тууралуу сын айтышат.

Кымбаттууларым, бүгүн силер алган улуу наамга татыктуу болгула, аны ар-намыстуу алып жүргүлө! Кудай силерге жардам берсин!»

Ант берүү жана куттуктоолор аяктагандан кийин Христосту сүйгөн казак орус аскерлерине арнап ыр ырдалды. Белгилей кетсек, көптөн бери храмда казак орустарды аскердик кызматка алуу иш-чарасы (верстание) өтө элек болчу.

Кадеттерге жана казак орустарга ден соолук, бекем күч-кубат жана Чиркөө, Казак орустар жана Ата мекен үчүн кызмат өтөөдө Кудайдын ыраазычылыгын каалайбыз! «Биз казак орус болгонубузга, Кудайга даңк!»

Храмдын настоятели, иерей Александр Пелин




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.