Алматынын ыйык жерлерине зыяратчылык сапар

  21 ноября 2022   На русском
Паломническая поездка по святым местам Алма-Аты

11-ноябрь күнү таң эрте зыяратчылардын тобу Ыйык-Воскресенск соборунун аймагына чогулушту жана бардык зыяратчылар чогулгандан кийин, биз храмга кирдик, архимандрит Петр жолго чыккандарга батасын берди. Бажыга жетип, тез эле Казакстан менен чек арасын кесип өттүк. Чакан автобус менен учу-кыйры жок казак талааларын аралап бара жаттык, таңкы сыйынууну уккандан кийин, салт болгондой «Благодатный дом» ырын ырдадык, биздин колдоочуларыбызды чакырдык, бири-бирибиз менен тааныштык. Алматыга чейин үч сааттай жол жүрдүк, ошондуктан бири-бирибиз менен баарлашуу үчүн убакыт жетиштүү болду.

Алгач биз Каскелен шаарына токтодук, Архангел Михаил ысымын алып жүргөн кооз жана бийик храмда зыярат кылдык. Лавкада кат жазып, храмга шамдарды коюп, ыйык жайларды кыдырдык, ал эми лавкадагы боорукер, мээримдүү аял биздин Бишкектен келгенибизди билип, храмдын окуясын айтып берди.

Андан кийин биз Алматы шаарынын борборундагы «Ғылым ордасы» илимий-музей комплексине бардык, анын ичинде бир нече музей камтылган.

Алгач археология музейине баш бактык, анда экскурсовод казак элинин байыркы турмушу жөнүндө айтып берди, башкаруучулардын экспонаттарын көрсөттү, ал эми «Алтын адам» экспонаты өзгөчө кызыгууну жаратты. Биз кооз уламыштарды угуп, ар кайсы кылымдарга таандык байыркы колго жасалган кооздуктарды, идиштерди жана шаймандарды карап чыктык.

Андан соң жаратылыш музейине (палеонтология) бардык. Экскурсовод бизге динозаврлардын, башка чоң жаныбарлардын ар кандай скелеттерин көрсөтүп, алар жашаган мезгил жана жашаган жери жөнүндө абдан кызыктуу айтып берди.

Зоология музейи абдан бай, кооз жана кызыктуу болуп чыкты, анда биз ар түрдүү жана көп сандагы канаттууларды, жаныбарларды, сойлоп жүрүүчүлөрдү жана балыктарды көрдүк, мунун бардыгы абдан кооз фондо коюлган. Эң көп убактыбызды ушул музейде өткөрдүк, баары абдан кызыктуу болду.

Кийинки музей - сейрек кездешүүчү китептер музейи. Экскурсовод бизди ар кайсы мезгилдердеги, ар кайсы тилде жазылган ар түрдүү китептердин экспозициясы менен тааныштырды. Зыяратчылар биздин сүйүктүү классик акын-жазуучуларыбыздын мындан жүз жыл мурда Казакстанда басылып чыккан китептерин көрүп ыраазы болушту.

 Акыркы болуп биз бешинчи кабатта жайгашкан Казакстандын илиминин тарыхы музейине бардык, анда экскурсовод бизди үч залдан алып өтүп, көптөгөн кызыктуу нерселерди айтып берди, ал тургай кээ жерде бизди таң калтырды. Бул музейдин жанында өтө кооз кышкы оранжерея бар, анын жанынан кыя өтүү мүмкүн эмес, биз баарыбыз бул жайлуу бурчка суктанып, жашыл бактарга чөмүлүп, эстелик үчүн көп сүрөткө түштүк.

 Биз парктын борборунда жайгашкан, карагайлардын жана кайыңдардын арасынан алтын купол төбөсү көрүнүп турган Вознесенский кафедралык соборуна киргенде кеч кирип калган.

Түнөш үчүн биз демейдегидей эле Иверск-Серафимов аялдар монастрынын алдындагы мейманканага жайгаштык, бизди бул жерде таанып-билип калышкан жана тааныш эжелерди көргөнүбүзгө кубанычта болдук.

Эртең менен биз улуу азап чегүүчү Ишеним, Үмүт, Сүйүү жана алардын энеси София монастырь соборуна бардык, ыйык жерлерге зыярат кылып, андан кийин Серафим Саровский часовнясына бардык, кеч күз экенине карабастан, азыркыга чейин роза жана башка гүлдөр гүлдөп турган, монастрдын көрктөндүрүлгөн аймагында сейилдеп жүрдүк.

 Монастрда жакшы түшкү тамактан кийин «Чымбулак» лыжа базасына бардык. Биз бул жерге барган жагат, аркан жол менен гондолада баратканда тоонун этегинде жайгашкан Алматынын абдан кооз көрүнүштөрү жана бийик карагайлуу кар баскан тоолор көрүнөт. Гондоладан «Медео» стадиону өзгөчө көрүнөт, анда коньки тээп жүргөн көптөгөн адамдар абдан кичинекей болуп калышат.

  Дагы эки көтөргүч өткөндөн кийин биз эң жогору жагына көтөрүлдүк, ал жакта тоонун кышкы кооз табияты өзгөчө көркөм көрүнөт.

Туристтердин көптүгүнө караганда, бул жергиликтүү тургундардын гана эмес, Казакстандын түштүк борборунун бардык конокторунун сүйүктүү жери болгондой. Эки саат бою сейилдеп, таза аба менен дем алып, фото, видеого тартып, балдардай сүйүндүк. Мөңгүгө барууга эч ким батына алган жок, ага барчу жол жакын болсо да, өтө кыйын экен. Пикник жасап, ысык чай ичтик – таза тоо абасында табит өзгөчө жакшы болду, абанын температурасы бул жерде бир топ төмөн экен.

Кайтып бара жатып, ылдый түшкөндө, станцияда кароочу аянтчада кооз пейзаждарга суктандык. Ал эми акыркы станцияда өзгөчө жандуу экен, көптөгөн кафелер жана ар кандай көңүл ачуучу аттракциондору бар, алардын биринде биздин зыяратчыларыбыздын бири Назгүл өтө кооптуу сыноодон өттү – ал дээрлик абада калкып, арканда илинген улам бир тактачаны басып өттү. Биз анын ар бир кадамын карап көз албай карап турдук, такталар ордунда турбай, кыймылдаганда өзгөчө коркунучтуу болду. Бирок Назгүл бул сыноодон чыдамкайлык менен өтүп, биз баарыбыз аны бул кичинекей жеңишине кубанып куттуктадык.

  Монастырга бара жатып, «Казанская» Кудай Эне иконасынын урматына тургузулган байыркы храмга токтодук, анын алтарынын артында көптөгөн дин кызматкерлеринин мүрзөлөрү бар, ал эми түндүк дарбазада репрессия жылдарында дин кызматчысы шейит кеткен жерге орнотулган сыйынуу крести бар. Кечки сыйынуу жүрүп жаткан экен, биз елей шыбаганга жетиштик, ыйыктарга зыярат кылдык, эртеңки жекшембилик литургияга даярданып, эс алуу үчүн Иверск-Серафимовский монастырына кайтып келдик.

 Эртең менен баары ыйык азап чегүүчү Ишеним, Үмүт, Сүйүү жана алардын энеси София кооз соборуна Кудайга сыйынуу литургиясына барышты. Сыйынуу кызматына көптөгөн сыйынуучулар чогулду. Биз ыйык жайларга зыярат кылып, литургияда собордук сыйынууга кошулдук. Көптөгөн зыяратчылар Христостун Ыйык сырларынан даам татышты. Литургиядан кийин батюшка сууну ыйыктоо молебенин аткарып, баарына ыйык сууну чачты. Биз насаат угуп, крестти аздектеп сыйындык жана жолго чыгаардан мурда тамактануу үчүн жөнөдүк, себеби Бишкекке кайта турган убакыт келген.

Жолдо баратканда Алматыдан чыга бериште бийик жана заңгыраган ак Рождество Христова собору, алыстан көрүнүп турган алтын куполдору менен жаркырап турат. Биз ар дайым бул кооз эки кабаттуу чиркөөгө токтоп, бул жердеги туугандарыбыз жана жакындарыбыз  үчүн сыйынабыз.

Ал эми программа боюнча акыркы сапар – бул Иргели айылындагы митрополит Николай Алматылыктын урматына жаңы, жакында кайра курулган чиркөө болду. Казакстанда ар кандай курулуш тездик менен жүрүп жатат, ал эми храмдын тургузулушу андан да тездик менен бүткөрүлгөн, бул көп нерсени айтып турат...

Акыры бул сапар да аяктап, бардык зыяратчылар адаттагыдай эле бири-бирине тууган, дос болуп кетишти. Ал эми эскерүүлөр жан дүйнөнү кубантат, биз Жаратканга ырайымдуулугу үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Баардыгы үчүн Кудайга ыраазычылык!

Зыяратчылык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ирина Абдуллина жана зыяратчылык бөлүмүнүн кызматкери Михаил Самсонов.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.