Епископ Даниил апостол Фоманын ыйык бөлүктөрүн Кыргызстанга алып келди

  29 апреля 2018   На русском
Епископ Даниил привез мощи апостола Фомы в Кыргызстан

2018-жылдын 28-апрелинде Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Италиядан уникалдуу жана өтө сейрек кездешкен реликвия - Орто Азиянын асмандагы коргоочусу - ыйык Фома апостолдун ыйык бөлүктөрүн Кыргызстанга алып келди. Кыргызстан бул ыйык затты алган дүйнөдөгү алтынчы өлкө болуп калды.

Апостол Фоманын ыйык бөлүктөрүн салтанаттуу тосуп алуу Всенощное бдение өтөөрдүн алдында Бишкектеги Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун собордук аянтында өттү.

Тосуп алуудан кийин дароо эле Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда ыйыкка сыйынуу жүргүзүлүп, славословие ырдалып, молитва окулду.

Молебен өткөргөндөн кийин епископ Даниил келүүчүлөргө архипастырлык сөзү менен кайрылып, апостолдун жашоосу, анын Индияда өтөгөн кызматы жана азап таруу менен курман болгону тууралуу айтып берди. Улуу урматтуу келүүчүлөрдөн апостолго сыйынып, андан жан дүйнө менен дене тынчтыгын, ар бирибизге жардам берүүнү жана биздин жерибизди колдоп-коргоп турууну суранууну өтүндү.

Фома апостол тирилип келген Кудай Иисус Христос менен жолукканда тааныбай күмөн санаганы жана кийин ишенимин калыбына келтиргени үчүн “ишеним апостолу” деп аталып калган. Бүгүнкү ишеними жок дүйнөдө дагы анын мисалы актуалдуу болуп турат.

Апостол Фома дин таратып жана азап тартуу менен өлтүрүлгөн Индияда анын күмбөзү бар (Каламин шаарында). Бул жер “ыйык жер” деп аталат. Азыркы убакта күмбөздүн үстүнө Фома апостол атындагы собор курулган, анын мүрзөсү собордун чок ортосунда сакталып турат.

Христос Рождествосунан кийинки 230-жылы күмүш табытка салынып, күмүш чынжыр менен бекитилген ыйыктын сөөгү Индиядан Эдесса шаарына алынып келген (азыркы Түркиянын түштүк-батышы). XIII кылымдан тартып ыйыктын сөөгү Италиянын Ортона калаасында сакталып келет. Ыйыкты Ортонага көчүрүү өзгөчө окуя болгон: шаардын асмандагы коргоочусу келген.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин ыйык апостол Фоманын денеси Ортона шаарындагы собордо сакталып турат, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан көптөгөн зыяратчылар келип, ыйык жайга сыйынышат.

Ыйык Фома Индияга бара жатканда Орто Азия аркылуу жол жүргөндүктөн, бул жерге дагы динди жайылтканы белгилүү. Ошентип, христиан дини Орусияга караганда Орто Азияга 1000 жыл мурда келген. Ал эми апостол Фома Азия дүйнөсүнүн асмандагы коргоочусу болуп эсептелет.

Бүткүл дүйнөдө болгону алты өлкөдө апостол Фоманын ыйык бөлүктөрү бар. Ыйык апостолдун бөлүктөрү өтө сейрек кездешүүчү реликвия, Италиянын Ортона шаарынан тышкары ыйык Фоманын бөлүктөрү Индияда, Грузияда, Венгрияда жана Афондо гана бар.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.