Епископ Даниил каза болгон Александр Стручалинге чин отпевания өткөрдү

  07 сентября 2018   На русском
Епископ Даниил совершил чин отпевания усопшего Александра Стручалина

2018-жылдын 6-сентябрында Каракол шаарындагы Ыйык Троица храмында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил протоиерей Сергия Чувичкиндин, иеромонах Феогносттын (Павлов), иерей Алексий Гуреевдин көмөгү менен Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын каза болгон кызматкери Александр Стручалинуге чин отпевания өткөрдү.

Отпевание алдында Епископ архипастырлык сөзү менен кайрылып, маркумдун жакшы иштерин эскерип, анын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

“Бүгүн биз ушул храмга бир тууганыбыз, сапарлашыбыз Кудайдын кулу Александрды акыркы сапарына узатуу үчүн чогулдук. Отпевание – маркум менен акыркы коштошуучу сыйынуу. Алекстандр абдан жөнөкөй, боорукер жана жүзү жарык адам болчу. Анын өмүрү менен кесипкөй ишмердиги адамдарды коргоого байланышуу болгон. Алардын өмүрлөрүн, укуктарын коргоо менен ал мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө салым кошкон. Александр ошондой эле Орус Православ Чиркөөсүнүн – биздин энебиздин өнүгүшү үчүн көп эмгек өтөдү. Татаал маселелерде, оор учурларда өзүнүн оптимисттиги менен ар кандай иштерди натыйжалуу аяктоого бизди шыктандырып турчу. Анын кесипкөй ишмердиги Кыргызстан жеринде православ динин чыңдоо ишинде көп пайда алып келген.

Адам кудайдын алдында жана адамдардын алдында абийирдүү болушу керек жана анын абийири таза болушу керек. Коркунучтарга карабастан Алекстандр адамдарга жардам берип келген. Ойлонуп көргүлөчү: бул киши жакын адамынын өмүрүн сактап калуу үчүн өз өмүрүн курман чалды. Христианчылыкта жакын адамы үчүн өз өмүрүн курман чалуу ыйык иш болуп эсептелет. Биз Кудайдын алдына барганда, Ал биздин абалыбыз боюнча баалайт. Биз баарыбыз маркум Кудайдын алдында күнөөлөрүнөн арылыш үчүн сыйынабыз. Александр өз өмүрүн аябастан, бири-бириңерди сүйгүлө жана ушул сүйүү менен жашагыла деген ыйык насаатты аткарды.

Дагы бир жолу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кудай аларга кайрат берсин. Биз баарыбыз- туугандары, жакындары, кесиптештери – ар күнү Кудайга сыйынып, маркумдун бейишин сурашыбыз керек. Караколдогу бардык адамдарга – жаштардан баштап карыларга чейин – бул каргашалуу өлүм катуу тасир берди! Мынча көп киши Кудайдан курман болгон Александрды кабыл алууну сурап, коштошуп жана акыркы сапарга узатуу үчүн чогулду. Биз дайыма аны эскерип, сыйынып турабыз”.

Чин отпевания аяктагандан кийин табыт храмды айланта көтөрүлүп, азалуу процессия шаардын көрүстөнүн карай багыт алды. Андан кийин эскерүү тамагы өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, Стручалин Александр Юрьевич 2018-жылдын 23-июлунда каза болгон.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости