Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын крещение өткөрүлдү

  05 ноября 2018   На русском
В Свято-Воскресенском кафедральном соборе состоялось крещение детей из малообеспеченных семей

4-ноябрда, Казань Кудай Эне иконасы майрамында, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын социалдык бөлүмүнүн руханий насаатчысы, протоиерей Андрей Борисенко аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тогуз баласын Таинство Крещения ырымын өткөрдү. Социалдык бөлүмдүн кызматкерлери – сергектик коомунун жетекчиси диакон Андрей Тонких жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү камкордугуна алып жүргөн кайрымдуулук эже-сиңдилери крещениеден өткөн балдарды кресттеген ата-энелери болуп калышты.

Социалдык бөлүмдүн кызматкерлеринин сөзүнө караганда, социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдары көп учурда Ыйык Крещение ырымынан өтө алышпайт: “Биринчи кезекте, аларга кресттеген ата-энелерди табуу кыйын. Эгер бирөө мындай жоопкерчиликти алууга макул болсо, ал кишини храмдан ачык маектешүүдөн өтүүгө жана негизги дубаларды жаттоого көндүрүү дээрлик мүмкүн эмес”. Ушул себептен улам епископ Даниил аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын акысыз кресттөөгө, ошондой эле “түбөлүк жашоого мүмкүндүк берген” Таинство кабыл алуу үчүн зарыл болгон жардам көрсөтүүгө батасын берген.

Болгон окуяга кресттелген балдардын ата-энелери өзгөчө кубанып жатышты, анткени алар аткара албай жүргөн иш Кудайдын кудурети менен өзү аткарылып жатат – дайыма бул балдар тууралуу дуба кылып жүрө турган кишилер балдардын кресттүү ата-энелери болуп калышты!

Крещениенин эртеси балдар өмүрүндө биринчи жолу Ыйык Христтин Таинствосуна киришти. Алардын айрымдары мындан ары собордун жекшембилик мектебинен тарбия алышат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости