2108-жылдын 10-ноябрында Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын архиерейлик резиденциясында “Рух эркиндиги: Борбор Азияда жана Казакстанда Чиркөөгө карата куугунтуктоонун башталышынын 100 жылдыгы” темасында тегерек стол болду. Иш-чараны Ортоазия митрополия округунун канондоштуруу бөлүмү уюштурду.
Отурумду Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын епискобу Даниил башкарды.
Тегерек столдун катышуучулары – канондоштуруу боюнча епархиялык комиссиялардын өкүлдөрү, чиркөөнүн тарыхчылары, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын маалыматтык-басылма бөлүмүнүн башчысы.
Жыйындын биринчи бөлүгү канондоштуруу боюнча комиссиялардын ишинин жыйынтыгынын презентациясына арналды.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын ХХ кылымда Христ үчүн жабыр тартуучуларынын бирдиктүү базасын түзүү оюнча милдеттер талкууланды.
Ошентип, бирдиктүү Казакстан жана Ортоазия мартирологун түзүү чечими кабыл алынды, ага бардык репрессияланган православдар – провославдар жана православ эместер, дин кызматкерлери жана карапайым кишилердин аттары киргизилет. Электрондук маалыматтар базасын түзүү жана кийин аны жарыялоо мерчемделди. Жумушчу топ түзүлүп, анын курамына Орус Православ Чиркөөсүнүн Ортоазия митрополия округунун жана Казакстан Республикасындагы Митрополия округунун канондоштуруу боюнча синоддук комиссияларынын мүчөлөрү, чиркөө тарыхчылары киришти, алар архивдердеги жана бардык ачык булактардагы маалымат базалары боюнча иш жүргүзүшөт.