Оштогу Архистратиг Божий Михаил храмында СССРде чиркөөгө карата куугунтуктоолор доорунун башталышынын 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтүү

  19 января 2019   На русском
В храме Архистратига Божия Михаила в Оше прошла выставка, приуроченная к 100-летию начала эпохи гонений на церковь в СССР

17-январда Оштогу Архистратиг Божий Михаил храмында СССРде чиркөөгө карата куугунтуктоолор доорунун башталышынын 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтүү.

Маалымдама: «Совет бийлигинин келиши менен 1917-жылдын аягында Орус Православ Чиркөөсүнө карата куугунтуктоолор башталган, алар 1918-жылы 23-январда “Чиркөөнү мамлекеттен бөлүү жөнүндө” декреттин чыгышы менен массалык жана катаал мүнөзгө өткөн жана бүтүндөй советтик мезгилде, башкача айтканда 80-жылдардын акырына чейин уланган. Октябрь революциясынан кийин дароо бийлик болушунча көбүрөөк дин кызматкерлерин жана чиркөө кызматкерлерин жана карапайым адамдарды камакка алуу максатын койгон, камакка алуулардын саны миңдеп саналган жана көпчүлүк адамдар үчүн азаптуу өлүм менен аяктаган. Пермь, Ставрополь, Казань сыяктуу губерниялардын бүтүндөй уезддери дин кызматкерлеринен айрылган. Бул мезгил 1920-жылга чейин созулган, ал эми большевиктер бийликти кийинчерээк басып алган аймактарда, Алыскы Чыгышта, катаал куугунтуктоолор 1922-жылга туура келген. Ошондой эле уюшкан советтик бийлик убагында 1922-жылы чиркөө баалуулуктарын алуу боюнча кампания өткөн, анда өлкө боюнча көптөгөн соттук процесстер өткөрүлгөн, алардын бир бөлүгү атуулар менен аяктаган. 1923–1928-жылдары жүздөгөн дин кызматкерлери жана карапайым адамдар камакка алынган, бирок өлүмгө өкүм кылуу дээрлик болгон эмес. 1929-1931-жылдары бүткүл россиялык масштабдагы Чиркөөгө карата террор күчөп, массалык атууларга жана камакка алууларга алып келген, ал эми айрым облустарда 1933-жылга чейин созулган. 1934–1936-жылдары камакка алуулардын саны азайган, өлүмгө өкүм кылуу дээрлик чыгарылган эмес. 1937–1938-жылдары террор кайра күч алган, дээрлик бардык дин кызматкерлери жана көптөгөн динге ишенген карапайым адамдар камакка алынган, 1935-жылы иштеген храмдардын 2/3 көбү жабылган, чиркөө уюмунун иштөөсү коркунучка кабылган. Согуштан кийинки жылдары храмдар жабылып баштаган, бирок дин кызматкерлерине карата камакка алуулардын жана өлүм жазаларынын саны кыскарган. 50-жылдын аягы-60-жылдын башында Чиркөөгө мамлекеттик басым күч алган, ал негизинен храмдарды жабууда жана Дин иштери боюнча кеңеш аркылуу жогорку чиркөө башкаруучуга таасир этүү аракетинде турган. 70-80-жылдары куугунтуктоо административдик мүнөзгө гана ээ болгон, дин кызматкерлерин жана карапайым адамдарды камакка алуулар саналуу болуп калган. Куугунтуктун аякташы 80-жылдардын аягына – 90-жылдын башталышына туура келет, бул өлкөдөгү саясый түзүлүштүн өзгөрүшү менен шартталган».

Көргөзмөнү Бишкек жана Кыргызстан Епархиясы уюштурган, Ошто ал протоирей Виктор Реймген башында турган Архистратиг Божий Михаил храмынын колдоосунда өттү. Эстелик көргөзмө буга чейин Баткенде, Кызыл-Кыяда жана Кадамжайда өткөрүлгөн.

Кийинки жумада ал Оштогу Край таануу музейинде коюлат. Эки жумадан кийин көргөзмө Жалал-Абад облусунун православ храмдарына жөнөтүлөт.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.