Бүгүн өзгөчө күн болду! Биз бири-бирибизднен кечирим сурадык, куймак менен сыйладык, балдарды конкурстар-оюндар менен кубанттык жана алардын чыгармачылыгына өзүбүз дагы кубандык.
Улуу посттун алдындагы акыркы жекшембини православдар өзгөчө белгилешет: бул күн алар досторуна жана тааныштарына барып, алардан билип-билбей кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурашат. Бүгүнкү күндүн жөнөкөй жана маанилүү маңызы ушунда: жан дүйнөнүн кекчилдиктен арылтуу, аны олуттуу руханий сыноого даярдоо – Улуу Постко даярдык көрүү.
Бүгүн эртең менен кудайга сыйынуу литургиясынан кийин собордун алдындагы аянтка эл толуп чыкты – прихожандар үйлөрүнө кетүүгө шашкан жок, анткени алдыда дагы көп жакшы нерселер бар! Майрамдык программа Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин учурашуу сөзү менен башталды. Архипастырь дагы бир жолу майрамдын маанисин түшүндүрдү жана бир-бири менен элдешүүгө чакырды.
Анан кызыктын баары башталды! Ачык асман алдындагы концертти Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун хору баштап берди. Биздин балдарыбыз баарыбызга “Биз боорукердик менен гана бул дүйнөнү жылыта алаарыбызды, боорукердик, жакшы иштер жана жашкы сөздөр менен гана жылытууга болоорун” эскертишти. Андан кийин музыкалык эстафетаны «Прялица» жана «Казаки Семиречья» хорлорунун катышуучулары алышты. Концерттин көркүн «Маленькие солнышки» балдардын музыкалык жамааты «Самовар» жана «Оркестр» чыгармалары менен ачып беришти. Биздин кичинекей конокторубуз – күн балдары – эки жылдан бери таланттуу педагог Лия Мэлсондон билим алып жатышат жага өздөрүнүн жаркын, ачык номерлери менен бизге жөнөкөй чындыкты – күн баарыбызга бирдей нур чачаарын айтып келишет.
Концерттен кийин балдар көңүлдүү спорттук мелдештерге барышты, аны биздин мээрман эжекебиз Лидия Бубнова жана епархиянын жаштар бөлүмүнүн ыктыярчылары өткөрүштү.
Чуркап жана секирип чарчап калган балдар чыгармачылык секцияларга же аквагрим же чач өрүү секцияларына “эс алууга” жөнөштү.
Майрамдын соңунда кичинекей катышуучулар спектакль көрүштү, аны Кыргыз мамлекеттик куурчак театры уюштурган. Оюн албетте, таарынычтарды кечирүү жана достук жөнүндө болду!
Улуураак балдар биздин иш-чараларыбызга бир нече жылдан бери кайрымдуулук көмөк көрсөтүп жаткан 3D планетарийдин көңүлдүү космостук саякатына жөнөштү. Бул жолу балдар таанып-билүүчү толук куполдуу "Астрономиря: асман аркылуу 10 кадам” шоусун көрүштү жана "Сатурн" космостук рейди” луна-паркынын коллекциясындагы виртуалдык аттракционго түшүштү.
Ошол убакта биздин кайрымдуулук жарманкебизде биздин мээрман эжелер бышырган фаршталган куймактар, селедка жана витаминдүү салат салынган бутерброддор, ошондой эле биздин прихожанждар жана “Графский” кондитердик үйү бышырган таттуулар, май токочтор сатылып жатты. Меймандар биз тараткан ысык чайдан даам сызышты.
Прихожандар эксклюзивдүү, жыттуу самындарды, стилдүү саймасы бар сумкаларды, фетрден тигилген оюнчуктарды, колго тартылган ашкана такталарын жана биз кубануу менен жасаган “Благо” чеберканасынын буюмдарын сатып алып жатышты.
Жарманкеден түшкөн каражаттар, ошондой эле кайрымдуулукка берилген каражаттар кайрымдуулук иштерине жумшалат. Биздин боорукер жана маанилүү долбоорлорубуздун баары азыр Сиздердин жардамыңыздар менен гана иштеп жатат! Бүгүн жана дайыма бизге жардам берүүгө көмөктөшүп жаткан боорукер кишилердин баарына рахмат айтабыз!
P.S. Бүгүн келген кишилерге чай берген, мастер-класстарды жана байгелүү оюндарды өткөргөн, аквагрим тарткан, чоң куурчак костюмдарды кийип алып, аюу болгон жана бүгүнкү майрамдык иш-чараны ийгиликтүү өткөрүүгө көмөктөшкөн кишилердин баарына өзүнчө ыраазычылык билдиребиз!