2019-жылдын 17-мартында, Улуу посттун 1-жумасында, Православие салтанатында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил түшүндүрмөлөр менен Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Улуу урматтуу менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой, иерей Владимир Кусаинов, иерей Владимир Ступников.
Кудайга сыйынуу убагында епископ Даниил болуп жаткандын маани-маңызын түшүндүрүү үчүн тыныгуу жасады.
Кудайга сыйынууну баштоо алдында башчы Даниил чиркөөгө келген адамдарга кайрылды:
«Кудайга сыйынуу литургиясы – бул Чиркөөнүн башкы Сыры – Биригүү сыры же Евхаристия аткарыла турган башкы сыйынуу, бул грек тилинен которгондо “ыраазычылык” дегенди билдирет. Бириняи Литургияны биздин Жараткан Иисус Христос менен Сион бөлмөсүндө аткарган жана ар бир Литургия бул окуянын сырдуу уландысы болуп саналат».
Кудайга сыйынуу убагында башчы Даниил литургиянын бир нече түрү – агартуучу Иоанн Златоуст литургиясы, агартуучу Улуу Василий литургиясы жана агартуучу Улуу Григорий литургиясы жана Мурда керемет киргизилген Тартуулар литургиясы жөнүндө айтып берди. Ар бир литургиянын келип чыгышы жөнүндө айтып берүү менен, башчы Даниил аларды өткөрүү убактысын жана бири биринен негизги айырмачылыгын тактады. Мүмкүн болгон жерде сыйынууну токтотуп, башчы литургиянын ар бир үч бөлүгүнүн – Евхаристия үчүн шарап жана нан (просфорлор) даярдалып жана тирүү жана каза болгон христиандардын жан дүйнөсү эскериле турган проскомидиянын; дин кызматкеринин “Атанын жана Уулунун жана Ыйык Рухтун жыргалдуу падышалыгы азыр жана кылымдар бою” сөздөрү менен баштала турган жар салынгандар литургиясынын өзгөчөлүктөрүн белгиледи.
“Ишенимдүүлөрдүн литургиясында, деп белгиледи башчы, - Литургиядагы маанилүү учур – Евхаристикалык канон аткарылат. Ал “Биздин жараткан Иисус Христтин жыргалчылыгы баарыбыз менен болот” сөздөрү менен башталат жана “Жараткандын жана Кудайдын жана Бизди куткарган Иисус Христин мээрими баарыбыз менен болсун” сөзү менен аяктайт.
Бул – Литургиянын өзөгү, анын борбордук бөлүгү, бул учурда Ыйык Тартууларды сунуштоо орун алат. Бул байыркы ырым-жырым жалпысынан бүтүндөй православ сыйынуусунун маанилүү учуру болуп саналат”, - деп белгиледи Даниил.
Ыйык Причащение Сырын аткаруу алдында, епископ Даниил өзгөчө белгиледи: “Үзгүлтүксүз нан жана шарап ооз тийген адам акырындык менен агарат, анткени Жараткандын Өзү деп айткан: “Ким менин Денемди жебесе жана менин Канымды ичпесе, түбөлүк жашоого ээ болбойт”. Ыйык Христос Сырларынын Литургиясында нан жана шарап ооз тийүүнү каалагандар алгач Тобо кылуу сырында өзүнүн уятын тазалашы керек. Ошондой эле Причащение алдында литургиялык постту кармоо керек. Сырдуулуктун мааниси ыйык Причащение сыйынууларында ачылат, аларды сыйынуу сөздөрүнөн табууга болот. Причащениеге даярдануу керек, - деп айтты Даниил, - бирок ага эч ким толук даяр боло албайт”.
Литургияны аяктагандан кийин башчы Даниил Православия салтанаты чинин аткарды жана паствага агартуу сөзү менен кайрылып, анда Православия Салтанатын майрамдоонун маңызын түшүндүрүп берди.
Маалымдама: IX кылымдын ортосунда Византияда бир жарым кылымга созулган иконаны ардактабоо мезгили аяктаган. Христти, Кудай энени, ыйыктарды сүрөткө чагылдырып жана бул образдын алдында сыйынууга болоору жөнүндө талаш катаал куугунтуктоолор жана иконаны ардактагандарды өлтүрүү менен жуурулушкан.
Империяда иконаны ардактабагандарды соттоп жана иконаны ардактоону калыбына келтирген 843-жылдагы чиркөө соборунан кийин, каныша Феодора чиркөө салтанатын уюштурууну сунуштаган, ал Улуу посттун биринчи жекшембисине туура келген.
Бул окуя тууралуу эскерүүдө жыл сайы Улуу Посттун биринчи жекшембисинде Православ чиркөөсү “Православия салтанаты” деп аталган иконаны ардактоонун калыбына келүүсүн салтанаттуу майрамдайт.
XIV кылымда Православия салтанатынын өзгөчө чини калыптанган, ал православ догматтарын камтыган тексттер менен толукталган. Кызматтын текстинде бардык ерестердин үстүнөн чиркөөнүн жеңиши жарыяланат, жети Аалам соборлорунун токтомдору бекитилет.