Епископ Даниил ГФРдин Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

  20 марта 2019   На русском
Епископ Даниил встретился с послом ФРГ в Кыргызстане

2019-жылдын 20-мартында архиерей резиденциясында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Германиянын Кыргызстандагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту. Моника Иверсен айым епархия башкармалыгына жагымдуу жаңылык айтуу үчүн келген – немец элчилиги имаратты оңдоого каражат бөлүп жатат, бул имаратта кризиске кабылган кош бойлуу аялдар үчүн башкалка ачылат.

Башчы Даниил өзүнүн иш бөлмөсүндө чай үстүндө узак баарлашуудан кийин Иверсен айымга Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун короосунда жайгашкан социалдык кызмат жана кайрымдуулук бөлүмүнө барууну сунуштады. ГФРдин элчиси кризистик борбор жайгаша турган имаратты көрүп, ошондой эле бөлүмдүн жетекчиси, мээрман айымдар, ыктыярчылар жана эң кенже камкордукка алынган кыз – София менен таанышты, София социалдык кызмат бөлүмүнүн бир бөлмөсүндө апасы менен бирге жашайт. Азыркы убакта Соня жана апасы – Боорукердик үйүнүн жападан жалгыз тургундары. “Биздин Соня гана эмес, ондогон башка балдардын аман-эсен төрөлүүсүнө жана чоңоюусуна мүмкүнчүлүкү берүү үчүн, - биз “Надежда” кризиске кабылган кош бойлуу аялдар үчүн башкалка жайын ачтык” , - деп билдирет епархиянын социалдык кызмат бөлүмүнүн сайтында. Немец элчилигине имаратты оңдоого жана “Православ демилгеси” гранттык сынагына жабдуу жана техника алууга эки өтүнмө жазуу менен, бөлүмдүн кызматкерлери эки уюмдан тең оң жооп алышты.

Жолугушуунун аягында башчы Даниил немец элчилиги епархиянын социалдык бөлүмүнө көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди. Азыркы учурда бул жардам социалдык бөлүм оңдоо иштерине алып жаткан экинчи гранттык жардам. Эки жыл мурун немец элчилигинин аркасында аз камсыз болгондор жана үй-жайсыз адамдар үчүн кайрымдуулук ашкана уюштурулган. Ошондой эле бөлүмдүн жетекчиси Елена Иванова дагы Моника Иверсен айымга ыраазычылык билдирди: “Бизге ишеним көрсөткөнүңүз жана биздин долбоорго баа жеткис колдоо көрсөткөнүңүз үчүн чексиз ыраазыбыз. “Надежда” башкалка жайы наристелер үчүн аларга жашоо мүмкүнчүлүгүн бере турган жылуу үй болот деп ишенебиз”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.