Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийди эскерүү күнүнүн алдында епископ Даниил акафист окуу менен Всенощное бдение өткөрдү

  10 июня 2019   На русском
В канун памяти преподобного Ираклия Иссык-Кульского епископ Даниил совершил Всенощное бдение с чтением акафиста

2019-жылдын 9-июнунда, Пасха боюнча жетинчи жумада, Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийди эскерүү күнүнүн алдында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийге акафист окуу менен Всенощное бдение өткөрдү.

Башчы менен катар Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматчылары кызмат өтөп турушту.

Сыйынуунун жүрүшүндө преподобныйга акафист окулду. Андан кийин башчы Даниил прихожандарды ыйык елей менен ысырыктады.

 Ысык-Көлдүк преподобный исповедник Ираклийдин өмүр таржымалы

Эскерүү 10-июнь (эски стиль боюнча 28-май), Орус Чиркөөсүнүн жаңы азап тартуучуларынын жана исповедниктеринин собору  жана Казакстандык жана Алма-Аталык жаңы азап тартуучулардын жана исповедниктердин собору.

Өзүнүн аты Сергей Матях. 1863-жылы Чернигов губерниясында орус-казактын үй-бүлөсүндө тулган.

Кийин карыя өзү эскергендей, монастырга аны бала кезинде беришкен, ата-энесин эстей алган эмес. Убактысы келгенде послушник Иосиф аты менен инок болуп чачы кыркылган.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Ыйык-Троицк обителине кызматка кирген.

1905-жылдын 25-мартында Ириней аты менен мантия алган.

Коңгуроо каккыч жана экономдун жардамчысы милдеттерин аткарган.

1914-жылы монастырдан чыккан жана бир аз убакытка Верный шаарында (азыркы Алматы, Казакстан) архиерейдин дачасында кызмат өтөгөн. Кийин монастырга кайтып келген.

Козглоңчулар Ысык-Көл обителин талкалагандан кийин Верныйга жакын жерде Аксай капчыгайынын Кызыл-Жар жергесине барып калган. Ал жерден иеромонахтар Серафим, Феогнаст, Пахомий жана Анатолий менен бирге  сыйынып турган.

1921-жылдын августунун башында Аксай скитасынын бардык беш тургуну шаардагы Никольск храмына улуу азап тартуучу Целитель Пантелеимон майрамына барышкан. Майрамдан кийин Ираклий менен Пахомий калып калышкан, калган үчөө тоодогу скитке кайтып кетишкен, түн ичинде Серафим жана Феогнаст аталар өлтүрүлгөн, Анатолий качып кутулган. Ушул окуядан кийин тирүү калган үч монах тоого кайтып барышкан эмес.

Схимонах Ираклий Талгар станицасына барып, чиркөөнүн старостасы Дмитриевдин үйүндө жашап калган.

Тез-тезден тоого сыйынуу үчүн кетип турган. 1928-жылы Ысык-Көлдүн жээгине барып, ал жерде тоого келия курган. Ал жерде бир нече убакытка жалгыз жашаган. Дмитриевдердин үй-бүлөсү преподобный кетээри менен камалып, Арал деңизине сүргүнгө айдалган.

1928-жылдын кыш мезгилинин башында Сазоновка айылынын (азыркы Ананьево) тургуну Мирон Николаевич Дубинин тоого ат менен барган. Онтогон үндү угуп калып, үн чыккан тарапка барып. келияны таап. Андан жыртылган монах кийимчен карыя Ираклийди көргөн. Карыя колу катуу ооругандыктан онтогон. Мирон анын ушундай жаман абалын көрүп туруп, айылга барууга араң көндүргөн. Айыккандан кийин преподобный алардын үйүндө жашай албай турганын айткан. Ошондой Мирон карыяга бактын ичиндеги ашкана үйгө келия салып берген. Дубининдердин үйүндө жашаган карыя өзүнүн аскеттик эрдиктерин уланта берген. Ар күнү полуношница, утреня, часы, обедница, вечерня жана повечерие окуган. Аз жана кыска уктаган, төшөккө жаткан эмес. Дээрлик бардык убактысын бутуна турган абалында дуба окуу менен өткөргөн. Чарчаганда, отургучка отуруп, бир аз уктаган, андан кийин кайра сыйынуу үчүн турган.

Сазоновкада карыя-схимник жашап жатканы бат эле айланага тарап кеткен. Карыяга кишилер келип, кеңеш жана бата сурап турушкан. Кишилер өзүнө арнап алып келгендердин баарын Мирондун жубайына берип турган. Келиядан кээде гана чыккан. Жергиликтүү храмга жана коңшу Семеновка айылындагы храмга барып турган. Жаңыланууга каршы турган.

1929-жылы Сазоновкада кулакка тартуу кампаниясы башталган жана большевиктер карыя Ираклий ким экендигин иликтей башташкан. Мирон Дубинин адегенде аны өзүмдүн агам деп койгон. Бийликтер бул чын эмес экендигин билип калышканда Мирон Николаевич аны жакын тууганы Андрей Дубининге алып барган, өзү камалып, түрмөгө отурган жана ошол жерден кайтып келген эмес.

Карыяны Бочарниковдордун үй-бүлөсү алып кеткен. Тез эле кулакка тартуу касабасы бул үй-бүлөгө дагы жеткен – алар колхозго кирүүгө макул болушкан эмес. Үй-бүлөнүн башчысын байлап кетишкен, бирок кечинде кое беришкен. Үйдөгү оокаттардын баарын алып кетишип, тактайларды гана калтырышкан.

Бочарниковдордун жатаарга төшөнчүсү жок экенин көргөн преподобный келиядан эки дерюжка алып келип, балдарына жаап: “Мына балдар, уктагыла, биз отуруп турабыз. Эртең Кудай берсе, кишилер жардам беришет” деген. Таңга чейин алар менен отурган, дуба айтып ыйыктардын өмүр баяндарын, чыдамдуулук, токтоолук жана момундук жөнөндү айтып берген. Чын эле эртең менен Бочарниковдордун туугандары жана башка айылдаштары кийим-кече, төшөнчү алып клип беришкен.

Карыя Ираклий Кудайдын Вознесениесинде каза болоорун билген. Ушул мөөнөткө ал схимниктин кийимин тигип берүүнү суранган, өзү аны крест менен кооздогон жана аны кантип жерге көмүү керектигин түшүндүргөн.

1937-жылдын июнунда ал катуу ооруп калган. Акыркы мөөнөттөргө чейин карыя акыл-эси менен болгон, каза болоорунда Сергий Феодотовичти чакырган, колдорун көкүрөгүнө крест кылып коюп, акыркы жолу дем алып, көз жумган. Бул 1937-жылдын 10-июну - Кудайдын Вознесениеси эле.

1993-жылдын 11-августунда схимонах Ираклий Алма-Ата епархиясынын жергиликтүү урматталган ыйыктарына киргизилген, ал эми 2000-жылдын августунда Орус Православ Чиркөөсүнүн Юбилейлик Освященный Архиерей  Собору анын атын жалпы чиркөөлүк урматтоо үчүн Россиянын жаңы азап тартуучуларынын жана исповедниктеринин Соборуна киргизген.

2004-жылдын 13-сентябрында преподобный Ираклийдин кубаттары Ананьево айылындагы православ чиркөөсүнөн алынган. Преподобный Ираклийдин кубаттарын алууда 30х16 см өлчөмдөгү жыгач крест жана схимниктердин крестинин сүрөттөрү бар кара кездеме табылган. Кийинки күнү ыйык кубаттар Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна алынып келген. Адегенде святыня алтарь бөлүгүнө жактырылган жана жылына эки жолу храмга жалпы сыйынууга чыгарылып турган: 10-июнда (преподобный каза болгон күнү) жана 13-сентябрда (кубаттар алынган күнү).

2008-жылдын 27-28-октябрында кубаттар алтардан алынып, храмдын түштүк бөлүгүндө жайгашкан, атайын жасалган ракага туруктуу сактоого салынган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.