Ысык-Көлдө орус тили фестивалы өттү

  04 июля 2019   На русском
На Иссык-Куле прошел фестиваль русского языка

27-29-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде, “Дзержинец” ден соолукту чыңдоо лагеринде, “Биз орусча сүйлөйбүз” чакан гранттар конкурсунун гранттык колдоосу алдында Орус тили фестивалы өттү, ага Бишкектин, Жалал-Абаддын, Канттын жана Нарындын жалпы билим берүү мектептеринен келген 45 бала катышты.  Бул иш-чаранын максаты – орус тилин сактап калуу жана өнүктүрүү, улуттар аралык баарлашуу тили катары орус тилинин статусун чыңдоо болду. Бул максатка жетүү үчүн Фестивалдын алкагында бир нече чыгармачылык аянттар уюштурулду: “Театрдык чыгармачылык”, “Ыр аркылуу орус тилин таанып-билебиз”, “Орус тилинин билермандары”, “Көркөм искусство”. Орус тили фестивалынын уюштуруучулары россия лингвистикасынын тарыхий салттарын үйрөтүү аркылуу катышуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн ачып берүү, орус тилине аяр мамиле жасоого тарбиялоо, катышуучулардын коммуникативдик компетенцияларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп беришти.

Балдар үчүн кызыктуу, бай программа даярдалган: дидактикалык оюндар, конкурстар, квесттер, актердук оюн, хордо ырдоо, чыгармачылык жана бий мастер-класстары, жана албетте, Ысык-Көлдүн салкын суусуна ар күнү түшүү!

Биринчи күндүн иши театрдык квест өткөрүү жана чыгууга даярдануу менен башталды: Фестивалдын ачылышына балдар ырларды жаттап жана сценкаларды даярдоого үлгүрүштү.

Кийинки эки күн Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын режиссёру Шмырина Анна Геннадьевнанын жетекчилиги алдында театрдык аянтчалардын иши, ыйык князь Владимир мектебинин музыкалык жетекчиси Морозва Ольга Владимировна менен вокалдык-хордун репетициялары жана ыйык князь Владимир мектебинин директору, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги, орус тил жана адабият мугалими Аристова Светлана Ивановнанын орус тили боюнча кызыктуу сабактары өтүп жатты. Балдар “Орус тилинин экологиясынын жана сүйлөө маданиятынын көйгөйлөрү” тегерек столуна катышып, баяндамалары менен чыгып сүйлөп жана заманбап тилдин экологиясын, анын көрүнүштөрүн жана өнүгүүсүнүн тенденцияларын талкуулашты, сөздүн тазалыгын сактап калуунун жолдорун издешти. Мындан тышкары балдар билерик өрүү боюнча мастер-класстарга барышты жана спорт-бал бийлери боюнча Кыргызстандын чемпиону, педагог-хореограф Рыбачонок Григорий өткөргөн бий мастер-класстарынан орус элдик хоровод оюндары менен таанышышты.

Фетиваль гала-концерт менен аяктады, анда катышуучулар хор менен жана соло ырларды аткарышып, «Муха-Цокотуха» мюзиклин көрсөтүштү, орус элдик бийин бийлешти. Ар бир катышуучу ар башка номинациядагы сертификаттар, дипломдор менен сыйланды жана эстелик белектер берилди.

Фестивалдын уюштуруучулары жана катышуучулары мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп тураарына үмүтөнөөрүн билдиришти.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.