2019-жылдын 6-июлунда, Пятидесятница оюнча 3-седмицада, Апостолдун постунда, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Всенощное бдение өткөрдү.
Башчы менен катар Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун дин кызматкерлери кызмат өтөштү.
Маалымкат: 6-июль – Кудай Эненин Владимир иконасын эскерүү күнү
Кудай Эненин Владимир иконасын Куткаруучу Энеси жана Праведный Иосиф менен тамактанган столдун тактайына Евангелист Лука тарткан. Кудай Эне бул образды көргөндө айтат: “Отныне ублажат Меня все роды. Благодать Рождшегося от Меня и Моя с этой иконой да будет”.
1131-жылы икона Константинополдон Руска князь Мстиславга († 1132, 15-апрелде эскерилет) жиберилген жана Вышгороддун – ыйык тең апостол улуу княгинья Ольганын байыркы үлүш шаарындагы Девичье монастырына коюлган.
Юрий Долгорукийдин уулу ыйык Андрей Боголюбский 1155-жылы иконаны Владимирге алып келген жана өзү салдырган атактуу Успен соборуна койдурган. Ошол убактан бери икона Влаимир иконасы аталып келет. 1335-жылы иконаны алгачкы жолу Москвага алып келишкен. Ошентип Кудай Эненин батасы менен Византия менен Рустун руханий байланышы бекемдеген – Киев, Владимир жана Москва аркылуу.
1395-жылы Темирлан хан Рязандын чегине жетип, Елец шаарын басып алган жана Москвага бара жатып, Дондун жээгине жакындаган. Улуу князь Василий Димитриевич аскери менен Коломнага чыккан жана Оканын жээгине токтогон. Ал Москвалык святителдерге жана преподобный Сергийге сыйынып Мекенин куткарууну суранган жана Москванын митрополити, святитель Киприанга кат жазып, анда кирип келген Успен посту мээримдүүлүк жана кечирим сурап сыйынууга арналсын деген. Атактуу керемет жасаган икона жайгашкан Владимир шаарына дин кызматчылары жиберилген. Успения Пресвятой Богородицы майрамында молебенден жана литургиядан кийин дин кызматчылары иконаны алып жана кресттүү жүрүш менен аны Москвага алып жөнөшкөн. Сан жеткис кишилер жолдун эки жээгине тизелеп туруп алышып сыйынып турушкан “Кудай Эне, Орустун жерин сактап кал!”. Москванын жашоочулары иконаны Кучково талаасында тосуп алып жаткан убакта Темирлан өзүнүн чатырында уктап жаткан. Капысынан ал түшүндө улуу тоону көргөн, анын чокусунан алтын таяк кармалаган святителдер келе жатышкан, алардын үстүндө нур чачыраган Улуу Аял келе жаткан. Ал Аял ага орустун жеринен кетүүнү буйруган. Ойгонуп кеткен Темирлан түшүнүн маанисин сураган. Билермандар нур чачкан Аял Кудай Эне экенин, христиандардын Улуу Сактоочусу экенин айтышкан. Ошондо Темирлан аскерлерине артка кайтууну буйруган. Орус жерин Темирландан кереметтүү куткарууну эскерүү катары иконаны тосуп алышкан Кучково талаасына Сретень монастыры курулган, ал эми 26-августта Владимир Пресвятая Богородица иконасынын сретениесинин урматына жалпы орус майрамы болуп белгиленген. Владимирдеги ыйык Кудай Эне иконасы майрамы Ахмат хандын Москваны басып алуусунан куткарылган күнүнүн урматына майрамдалат. 1480-жылы улуу князь Иоанн III Васильевичтин тушунда (1462–1505) Алтын Ордонун ханы Ахмат сан жеткис колу менен Угра дарыясына келген, бул дарыя Москва ээликтерин коргоп турган “Кудай Эненин куру” деп аталат. Күн бою хандын аскерлери менен Москва князынын аскерлери бет маңдай туруп, бирок чечкиндүү кадам жасай алышкан эмес – “Уградагы туруш” болгон. Жалпы Москва өзүнүн коргоочусу Пресвятая Богородицага сыйынып, православдардын борборун сактап калууну суранышкан. Кудай Эне орус жерин сактап калган. Князь өз аскерлерине Уградан чегинүүгө буйрук берген, татарлардын сууну кечип өтүшүн күткөн, душмандары болсо орустар аларды алдап, кылтакка түшүргөнү жатат деп ойлоп, артка чегине башташкан, түн киргенде качып кетишкен. Россияны татарлардан куткарганы үчүн ыраазылык иретинде Кудай Эненин урматына майрам белгиленген.
Кудай Эненин Владимир иконасы майрамы 1521-жылы Махмет-Гирей хандын татар аскерлеринен Москванын куткарылганынын урматына белгиленген. Татар аскерлери Москвага жакындап, орус шаарларын жана айылдарын өрттөп, элди кырып келе жаткан. Улуу князь Василий татарларга каршы аскер чогулткан, ал эми Москванын митрополити Варлаам Москванын тургундары менен бирге өлүмдөн куткаруу жөнүндө сыйынып турушкан. Ушул коркунучтуу убакта көзү азиз такыба инокиньяга аян келген: Кремлдин Спасс дарбазасынан москвалык святителдер чыгып, шаардан өздөрү менен кошо Владимир Кудай Эне иконасын – Москванын башкы святынясын ала кете башташкан – шаардын жашоочуларынын күнөөлөрү үчүн жазалашкан. Спасс дарбазасынын жанынан святителдерди преподобныйлар Сергий Радонежский менен Варлаам Хутынский тосуп алышып, көздөрүнөн жаш алып, Москвадан кетпөөнү суранышкан. Алардын баары Кудайга жалынып, күнөө жасагандарды кечирүүнү жана Мокваны душмандардан куткарууну суранышкан. Ушул дубадан кийин святителдер Кремлге кайтышкан жана Владимир иконасын алып келишкен. Буга окшош аян москвалык ыйык, блаженный Василийге дагы көрүнгөн, ага дагы Кудай Эненин колдоосу жана Москвалык ыйыктардын дубалары Москваны сактап калаары белгилүү болгон. Татар ханы дагы аян көргөн, анда Кудай Эне көп аскердин коштоосу менен ага каршы чыккан. Татарлар коркуп кетип качып жөнөшкөн, Орус мамлекетинин борбор шаары сакталып калган.
Кудай Эненин Владимир иконасы майрамы 23-июнда жана 26-августта майрамдалат.