Бишкек епархиясында орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн методикалык семинар өттү

  11 ноября 2019   На русском
В Бишкекской епархии прошел методический семинар для учителей русского языка и литературы

2019-жылдын 8-9-ноябрында VIII Ыйык-Антонов окууларынын алкагында “Мектепте орус тили жана адабияты сабактарына карата системалуу-ишмердик мамиле” аталышындагы педагогдордун квалификациясын жогорулатууга арналган методикалык семинар өткөрүлдү. Семинар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Ленинград облусунун эки билим берүү уюмунун эл аралык өнөктөштүгүнүн алкагында билим берүү жана катехизация бөлүмү жана “Ыйык князь Владимир мектеби” билим берүү мекемесинин администрациясы тарабынан уюштурулган.

Семинарга Бишкек, Кочкор-Ата, Кара-Балта, Жалал-Абад шаарларындагы ар кандай мектептердин жана колледждердин, ЖОЖнын 85 орус тили жана адабияты мугалимдери катышты.

Протоиерей Андрей Кунавин жана мектеп директору Аристова Светлана Ивановна иш-чараны ачып жана катышуучуларга куттук сөзүн айтышты.

Семинарды педагогикалык иш стажы 35 жылды түзгөн орус тили жана адабияты мугалими Юрко Т.Б. өткөрдү. Татьяна Болеславовна РФ жалпы билим берүүнүн ардактуу кызматкери жана “Россиянын жыл мугалими” бүткүл россиялык сынагынын лауреаты болуп саналат.

Семинардын бардык катышуучулары Татьяна Болеславовнанын Кыргызстандын педагогдору менен иштөөдөгү кесипкөйлүгүн, кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө ачыктыгын, демилгечилдигин жана чыгармачыл мамилесин белгилешти, бул масштабдуу жана таанып-билүүчү иш-чараны уюштурууга шарт түздү. Лекциялар жана мастер-класстар семинардын катышуучуларында зор кызыгууну жаратты. Ленинград облусунан келген мугалимдин түгөнгүс күч-кубаты жана чыгармачыл максатка умтулгандыгы билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-россия мамилелерин сактоого жана арттырууга мүмкүнчүлүк түздү. 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.