2022-жылдын 14-сентябрында, Нур-Султанда Көз карандысыздык сарайында VII Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съезди – пандемия башталгандан бери Казакстан өткөрүп жаткан биринчи ири эл аралык иш-чара өттү.
Форумдун ишине дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 100дөн ашык делегация катышты. Съездин темасы – «Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин пандемиядан кийинки мезгилде адамзаттын руханий жана социалдык өнүгүүсүндөгү ролу».
Орус Православ Чиркөөсүнүн предстоятели Москва жана бүткүл Орус Патриархы Кирилл Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Кемелович Токаевге, уюштуруучуларга, VII Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин катышуучуларына жана меймандарына салам жолдогон, анда мындай деп айтылат: «Учурдагы форум пандемиядан кийинки мезгилде адамдардын руханий жана социалдык жашоосундагы диний лидерлердин ролуна арналган. Бүгүнкү күндө адамзат азыркы тарыхтын эң татаал мезгилдеринин бирин башынан кечирип жаткандыгы талашсыз. Коронавирустук инфекция пандемиясынан улам келип чыккан чакырыктарга адеп-ахлактык баалуулуктарга таянбаган дүйнө куруу аракеттеринен улам келип чыккан азык-түлүк, энергетика жана экономикалык көйгөйлөр кошулду. Акыркы жыйырма жылдын ичинде бул аракеттер эл аралык мамилелерде адилеттүүлүк түшүнүгүнүн жоголушуна гана эмес, айыгышкан тирешүүгө, аскердик кагылышууларга, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында терроризм жана экстремизмдин жайылышына алып келди».
Форумдун форматы диний лидерлердин ар кандай жолугушууларын, салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдеринде пленардык жыйындарды; төрт секциялык жыйынды өткөрүүнү; Казакстан Республикасынын Президенти К-Ж.К. Токаевдин жана Съездин катчылыгынын жетекчиси – Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын спикери М.С. Ашимбаевдин делегация башчылары жана беделдүү катышуучулар менен эки тараптуу жолугушууларын караган.
«Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин пандемиядан кийинки мезгилде адамзаттын руханий жана социалдык өнүгүүсүндөгү ролу» пленардык жыйынынын ачылышында Президент К.-Ж.К. Токаев дүйнөнүн эң кадырлуу диний лидерлерин чогултуу жана диалог түзүү Казакстан үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, Казакстан эли ар түрдүү цивилизациялардын жана диндердин салттарын, толеранттуулук жана ачыктык рухун сиңирген, ошондуктан биздин өлкө үчүн «көп түрдүүлүктөгү биримдик» принциби негизги болуп калган.
Андан кийин Рим папасы Франциск жана «Аль-Азхар» университетинин жогорку имамы шейх Ахмад Ат-Тайеб сөз сүйлөдү.
Форумда Орус Православ чиркөөсүнүн делегациясын жетектеген Москва Патриархатынын тышкы чиркөө байланыштары бөлүмүнүн төрагасы Волоколамск митрополити Антоний Москва жана бүткүл Орус Ыйык Патриархы Кириллдин кайрылуусун окуп берди.
Өз сөзүндө митрополит Антоний дүйнөлүк тарыхтын азыркы татаал мезгилинде адамдардын тагдыры үчүн диний лидерлердин өзгөчө жоопкерчилигин белгиледи.
Форумдун биринчи күнүнүн соңунда Казакстан Республикасынын Президентинин атынан расмий кабыл алуу болду, ага чиркөө делегациясынын мүчөлөрү катышты.
Съезддин иши 15-сентябрда секциялык жыйындар менен уланды.