Тараз шаарына жана Талас благочиниесинин ыйык жерлерине зыяраттык сапар

  28 сентября 2022   На русском
Паломническая поездка в г. Тараз и по святым местам Таласского благочиния

23-сентябрь күнү эртең менен зыяратчылардын тобу Ыйык-Воскресенск соборунун аймагына топтолуп, Таласка үч күндүк сапарга жөнөп кетишти. Казакстан менен чек арадан тез эле өтүп, Тараз шаарына, мурунку Жамбылга барышты. Терезенин сыртындагы табият байкаларлык өзгөрдү, түз жол, талаалар, айылдардын ортосундагы сейрек талаалар жана алыскы Тянь-Шань тоолору. Мындай өзгөчө пейзаж көздү кубандырды... Жолдо биз таанышып, сыйынууга үндөгөн руханий ырларды ырдадык.

Ошентип, биз Тараз шаарына келип, шаардын борборундагы бийик коңгуроо мунарасы менен кооз Ыйык Богородица Успенск соборуна келдик. Тараз шаарынын тургуну Нина эжебиз бизди дарбазадан тосуп алды. Жан дүйнөсү жакын адамдардын көптөн күткөн жолугушуу учуру кандай кубанычтуу!
Нина буга чейин биз менен Кыргызстанда зыяратчылык сапарга барган, айрым зыяратчыларды таанып, алар менен жолугушканына чын дилден кубанып турду.

Биз бийик Успенск храмына кирип, дубалдардагы чоң иконаларды карап, аларга сыйынып өттүк. Бул храмдын дин кызматкери Пётр ата эстеликке биздин топ менен сүрөткө түшүүгө кубануу менен макул болду. Нинанын өтүнүчү боюнча, Петр атанын ыраазычылыгы менен бизге ыйык Нил Столобенский храмын ачып беришти.
Андан кийин өзгөчө жасалгаланган жана жайлуу короосу бар Покров Пресвятой Богородицы храмына бардык.

Албетте, боорукер Нина биздин топтун баарын конокко чакырды, христиандык меймандостукту көрсөттү. Бардык нерсеге жана баарына ишенбөөчүлүк өкүм сүрүп турган азыркы убакта, бул абдан жагымдуу, Христос үчүн эрдиктерге даяр, жүрөгү таза адамдар бар экени кубандырат, алардын сүйүүсү баарына жетет.

Биз Нинага меймандостугу үчүн ыраазычылык айтып, аны менен коштошуп, Тараздын ичке ийри-буйру көчөлөрү менен барып, чек арадан өттүк, кайрадан Кыргызстандын аймагына кирип калдык.
Биз Покровка айылындагы Покров Пресвятой Богородицы храмына жетип калганда күүгүм кирди. Эски кооз храмды жашыл бакча курчаган. Бизде сырдуу бир сезимдер жаралды. Храмдын ичи тыкан жана таза экен. Биз эски иконаларга сыйынып, бул керемет жерден кеткибиз келген жок.

Ключевка айылына караңгы киргенде келдик. Ыйык Николай Чудотворец урматына храмдын эшигинде колуна таттуу тамактар салынган табакты кармап жаш кыз тосуп алды. Бул дагы абдан таң калышты, абдан жагымдуу болду, биз мээримдүүлүк жана сүйүү толгон таптакыр башка дүйнөгө туш болгондой болдук. Чыгыш салты боюнча таттуулардан ооз тийдик, жергиликтүү тургун бизди чайга чакырды.
Никольский храмы кызыктуу тарыхы бар, жакында эле калыбына келтирилген жана ичи жасалгаланган эски храм. Бул жерде биз треб буйрутма кылып, ыйык иконаларда сыйындык, мээримдүү адамдар менен коштошуп, эс алуу үчүн Таластагы мейманканага жөнөдүк.

Кийинки күнү эртең менен протоиерей Димитрий Шушпанов жана матушка Татьяна биздин артыбыздан мейманканага келишти, ошентип баарыбыз чогуу Беш-Таш капчыгайына бардык. Коруктун ичине кирип, акмаралды көрөбүз деп үмүттөндүк. Аларды быйыл май айында Тоолуу Алтайдан алып келишкен, бирок бул жаныбарлар үчүн стресс болуп, алар өлүп башташкан. Акмаралдарды сактап калуу үчүн эркин коё беришкен, бирок ошол эле учурда аларды тоюндуруп, камера капкандар жана дрон менен көзөмөлдөп турушат. Капчыгайга тереңдеп кирип, булактардын биринин жанындагы ачык жерге жайгашып калдык. Матушка жана анын ишенимдүү жардамчылары от жагып, түшкү тамак даярдашты, биз батюшканын жетекчилиги менен кооз жерлерди көрүү үчүн жолго чыктык. Дарбазасы бар көпүрөдөн өтүп, акмаралдардын аймагына кирип, тоого чыктык. Жолдо биз жаныбарларга туз салынган азыктандыргычтарды жолуктурдук, анан кичинекей үңкүрдү карап чыктык. Канчалык бийиктикке чыккан сайын топ ошончолук азая баштады. Тоо аралап мындай сейилдөө үчүн ар кимдин күчү жана ден соолугу мүмкүнчүлүк берген жок, натыйжада зыяратчылык сапарларыбыздын эң активдүү катышуучусу Ольга рекорд койду. Кайра төмөн түшүп, даамдуу тамактанып алып, биз кайрадан батюшка башында турган топ көпүрө аркылуу тоого жөнөдүк, бирок бул ирет башка каттам менен бардык. Биз таза муздак суусу бар дарыяны бойлой, эски кайындар менен карагайларды аралап жөнөдүк. Бул жерде пейзаж өзгөчө кооз экен, кереметтүү жер тууралуу эстелик үчүн көп сүрөткө түштүк. Күн тоо артына жашынып баштаганда кайра артка жол тарттык. Чыга бергенде парк эс алуу зонасына бардык, мейманканага кайтып келип, Сыйынуу Литургиясына даярдандык.

Ошентип акыркы жекшемби күн дагы келди. Биз Талас шаарынын борборундагы вмч. Димитрий Солунский урматына аталган эски храмга келдик. Треб буйрутма кылдык, ыйыктарга табынып, Сыйынуу литургиясы башталды. Батюшка шашылбай, ар бир сөздү даана айтып кызмат кылды. Ал, анын артынан биз Жараткан менен баарлашуунун өзгөчө толкунунда болгонубузду сездик. Матушка клиросто күчтүү жана кооз добушу менен батюшканын артынан жаңырып жатты. Димитрий ата жан дүйнөнүн куткарылышы жөнүндө күчтүү осуят айтты. Топтун бардык катышуучулары Ыйык Христос Сырларына жакындашты. Андан кийин чиркөөдө жарым жыл мурун курулган жаңы кенен ашканада тамактандык. Рухий жактан жана дене бой жактан тоюндук, андан кийин батюшка гитараны колуна алып, баарыбыз жакшы билген ырларды ырдап берди. Биз ага кошулуп ырдадык.
Бирок убакыт байкалбай өтүп, кайта турган убакыт келди. Баары менен жылуу коштошуп, жылуу мамилеси жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Талас шаарынын четине бардык.

Биз "Манас-Ордого" бардык – бул Талас шаарындагы маданий-тарыхый борбор, ал жакта кыргыз баатыры Манастын күмбөзү бар, бул жерде Манастын жашоосу менен байланыштуу экспонаттар коюлган музей жайгашкан. 

Андан кийин үйгө кайттык, бирок башка жол менен, эки ашуудан ашып сапар тарттык. Кыргызстандын жаратылышы ар түркүн жана кооз. Жаратылышты сүйгөндөр жол бою унаанын терезесинен ага суктануудан тажашкан жок. Биз бөтөнчө жана бирдей түстөгү таштарга таң калып карадык, аларга жашыл боёк чачып, тоого ыргытып койгондой көрүндү. Ал эми талаа ортосундагы тегиз тегеректер бул жерде боз үй тигилип, мал жайылып, кымыз сатылганынан кабар берип турат. Төө-Ашууда серпантин менен көтөрүлгөндө бийиктиктен Суусамыр өрөөнүн, анын чексиз жайыттарын, алыскы кар баскан тоолорун жана өлкөнүн түндүк менен түштүгүн бириктирген жалгыз жолду, аны бойлой курут жана бал саткан көптөгөн вагондорду көрдүк. Серпантиндин эң жогорку жагына көтөрүлүп, бул сулуулукка суктануу менен, Кыргызстандагы эң узун туннелге кирип бардык. Саналуу убакыт караңгыда жол жүрдүк. Туннель ичинде сейрек чырактар коюлган, бардык машиналар жай айдап баратышат, соргучтар иштеп жатканы угулуп турат. Туннелден кандайдыр бир кооптонуу менен өттүк.. ошентип туннелдин аягында жарык көрүндү. Биздин алдыбызда ашуунун ары жагында калганга такыр окшош эмес, таптакыр башка көрүнүш ачылды. Жар эңкейиштери менен тик аскалар. Учу-кыйырсыз аскалардан жана серпантин жолдон башка эч нерсе жок. Биз кароол аянтчага токтодук, мындай бийиктик адамды суктандырат. Серпантин бир жоголуп, кайра аскалар ортосунда пайда болуп, кайрадан бул аскалуу тоонун арасында тереңде жоголуп кетип жатты. Айрым унаалар кыбырап жогору көтөрүлүп баратса, башкалары ылдам түшүп баратканын көрдүк. Биз эбегейсиз зор аскаларды аралай серпантинден түштүк, таш дубалдар чексиз бирин бири алмаштырып отурду, зыяратчыбыз Светланага биз тоону бойлоп бараткандай туюлду. Капчыгайдан чыккан кезибизде караңгы кирди. Ошентип Бишкекке жетип келдик. 

Биз сапардын жыйынтыгын чыгардык. Казакстандын кооз храмдарын көрдүк, Кыргызстандагы көп эмгекти жана сүйүүнү талап кылып жасалган эски, калыбына келтирилген, жайлуу жана жандуу храмдарды көрдүк. Мыкты адамдар менен баарлаштык, жаратылыштын кооздугун көрдүк, Жараткан Кудайды даңазаладык.

Зыяратчылык бөлүмүнүн кызматкери Ирина Абдуллина




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.